Эркектер тукумсуздугу себептери көбүнчө өнөкөт простатит, уретрит, урук безинин сезгениши, урук безинин веналарынын кеңейиши (варикоцеле), эндокриндик, иммундук оорулар болуп эсептелет. Дагы кээ бир катар факторлор жана оорулар, айкалышып жана өз убагында дарыланбагандан улам өнөкөткө отуп эркектин тукумсуздугуна алып келиши мүмкүн.
Ошондуктан, эгерде тукумсуздукка шектенсе, эркек сөзсүз түрдө тажрыйбалуу андролог-урологго кайрылуусу керек. Дарыгер оорулууну текшерип, керектүү анализдерди дайындайт, анамнезди чогултат жана бул конкреттүү субъективдүү оорулуунун абалын изилдөөнүн негизинде так диагнозду коюп, андан кийин керектүү натыйжалуу дарылоону жүргүзөт.
Эркектердин тукумсуздугун дарылоо
Androlog.kg медициналык борборунун адистери эркектердин тукумсуздугун аныктоо маселесине ар бир бейтап үчүн жекече мамиле кылышат. Биздин уролог-андрологдор көбүнчө пациенттерге спермограммага, гормондордун деңгээлине анализдерге, жыныстык инфекцияларга, УЗИ ге, доплерографияга, жана башкаларга жолдомо жазып беришет.
Чынында эле, бейтапты сабаттуу дарылоо үчүн жана эркектин жыныстык функциясын кайтаруу үчүн дары-дармек менен коштолгон дарылоону жүргүзүү үчүн, профессионалдуу диагноз коюу жана тукумсуздукту дарылоонун далилденген илимий ыкмаларын так сактоо керек.
Андролог-урологдун кызматтары
Дени сак балалуу болуп, эркектердин ден соолугун чыңдоону кааласаңыз, чыныгы адистерге ишениңиз! Адистештирилген Androlog.kg медициналык борборунда тажрыйбалуу уролог жана андрологдор сиздердин кызматта. Биз Бишкекте эркектер үчүн медициналык кызматтардын тар профилин сунуштайбыз, биз жыйынтык үчүн иштейбиз жана өз ишибизди так билебиз. Биздин милдет – ооруңуздун себептерин аныктоо жана сизди айыктыруу үчүн заманбап медицинаны колдонуу!
Кээ бир учурларда, эркектердин тукумсуздугу айыктырууга болот, бирок бул үчүн ден соолук көйгөйүнүн себебин аныктоо жана андан кийин аны туура оңдоо – толук айыкканга чейин керек болот.