Простатит – эркектерде простата безинин сезгениши же тыгыны башкача айтканда уйуп калышы. Пациентте курч простатит болушу мүмкүн, ал азыраак кездешет, бирок бул катуу ооруу, тез-тез оорутуучу жана оор заара чыгаруу, уретрадан былжыр же ирин агып чыгуу, чон заарага жалган каалоо, дене табынын көтөрүлүшү түрүндөгү клиникалык көрүнүшторду берет.
Эгерде адам 2-3 айдан ашык ооруса, анда простатит өнөкөт болуп эсептелет. Өнөкөт простатиттин күчөшү менен курч кармагандагыдай эле симптомдор бар, бирок алар анча байкалбайт же азыраак байкалат.
Простатиттин өзгөчөлүктөрү кандай?
Оору мүмкүн акырындык менен, бейтаптын өзүнө билинбестен өнүгөт! Эркек киши бир нече жыл бою өнөкөт простатит менен ооруганын билбей калышыда мүмкүн жана алгачкы даарыгерге кайрылганда, изилдоо учурунда кокусунан аныкталат. Оорулуунун врачка кайрылуусунун себептери болуп потенциянын начарлашы, вегетативдик бузулуулар, эркектердин тукумсуздугу, жамбаштын өнөкөт оору синдрому жана башкалар болуп саналат.Ошондуктан эркектерге жылына бир жолудан кем эмес андролог-урологдун текшерүүсүнөн өтүүнү сунуштайбыз.
Эмне үчүн простатит коркунучтуу жана аны дарылоо эмне үчүн маанилүү?
Өнөкөт простатит төрөттүн бузулушу (баланын боюна бүтүү мүмкүнчүлүгү), башкача айтканда, тукумсуздук, эркектин жыныстык функцияларын толук жоготууга чейин ар кандай бузуулар түрүндөгү кыйынчылыктарды берет. Ошондой эле, простатит вегетативдик нерв системасы абдан начарлатат, туруксуз кан басымдуулук жана уйкуну бузулушуна алып келет.
Эмне үчүн эркектер простатит менен ооруйт?
Микробдор жыныстык катнаш учурунда же организмдеги өнөкөт очоктордон простата безине кирет. Эркектерде простатиттин пайда болушуна уйуп калуу, суук, стресс, спирт ичимдиктери, иммунитеттин начарлашы, авитаминоз жана башка терс факторлор өбөлгө түзөт.
Простатитти кантип туура дарылоо керек?
Бул тыгындуу ( уйуп калган) простатит болсо тыгынды кетиребиз. Эгерде микроб болсо, анда флораны эске алып, антибиотиктерди жазып беребиз. Биз төмөнкү интенсивдүү терапиялык лазерди, магнитотерапияны, терс басым менен дарылоону ж.б. колдонобуз.. Дарылоодон тышкары, физикалык активдүүлүк, сексуалдык жашоону жөнгө салуу, туура тамактануу жана башка ар бир конкреттүү оорулуу жана анын иши боюнча жеке дарыгердин даарылоо ыкмаларын сунуштайбыз.
Простата массажы натыйжалуубу?
Ооба эффективдүү, бирок биз баарына эле массаж жасай бербейбиз! Простата безине массаж жасоого көрсөтмөлөр жана каршы көрсөтмөлөр бар. Болгон күндө да биз оорунун бардык стадияларын жана өнүгүүсүн эске алып, бейтапка ыңгайсыздык жаратпай, сабаттуу жана назик жардам корсотобуз. Биздин арсеналда простата безинин массажын дээрлик алмаштыра турган медициналык жабдуулар бар.
Простатит менен ооруп калбоо үчүн эмне кылуу керек?
Баш аламан жыныстык мамилелерден жана жыныстык жол менен жугуучу оорулардан алыс болуңуз. Орточо жана үзгүлтүксүз жыныстык жашоо сунушталат. Организмдеги инфекциянын башка очокторун дарылоо, басуу, физикалык активдүүлүк, туура тамактануу жана витаминдерди кабыл алуу менен жамбаштагы токтоп калууларды жоюу.