Уретрит деген эмне жана анын пайда болушунун себептери эмнеде?

Уретрит деген эмне жана анын пайда болушунун себептери эмнеде?
0 24.01.2021

Уретриттин (сийдик түтүкчөсунун сезгениши) себептери жыныстык катнаш учурунда микробдордун жана вирустардын кириши, химиялык заттардын сиңиши, ошондой эле травма болушу мүмкүн.

Хламидия, уреоплазма, микоплазма, гонококк (гонорея) менен шартталган уретрит спецификалык уретрит деп аталат.

Гоноррея уретритин жонокой тилде триппер (трипак же кыргызча тирфак) деп аташат.

Уретриттин жалпы белгилери: Заара чыгаруучу жолдон ириңдин аз же көп чыгышы. Алар заара ушатканда ооруган бейтаптарды тынчсыздандырышы мүмкүн, ошондой эле заара чыгаруучу каналдын сырткы тешиги бири-бирине жабышып, ич кийимдери кирдеп калат.

Башталган уретрит каналдын тарышы менен татаалдашып кетиши мүмкүн. Оору дарыланбаса, бөйрөккө, муундарга жана көзгө залакасы тийиши мүмкүн.

Диагностика: Уролог-андролог визуалдык жана инструменталдык түрдө текшерип, лабораторияга анализ тапшыртырат.

Бишкектеги мыкты уролог уретритти дарылоону этиологиялык жана патогенетикалык жактан тандап алат.

Posted in Вопросы-ответы by admin