Яндекс.Метрика Эркектерге уролог-андрологдун профилактикалык текшерүүсү качан керек? - Андролог уролог Бишкек | androlog.kg

Эркектерге уролог-андрологдун профилактикалык текшерүүсү качан керек?

Эркектерге уролог-андрологдун профилактикалык текшерүүсү качан керек?

lock-m 23.05.2023

Турмушка чыга элек жигиттер, үйлөнгөнгө чейин же мамиле башталганга чейин, же үй-бүлөдө балалуу болууну пландап жаткан эркектер жок дегенде бир жолу уролог-андрологдун кароосунан өтүшү керек. Бул өз ден соолугун жана өнөктөштүн ден соолугун сактоо, оорулардын алдын алуу жана акчаны да, убакытты да үнөмдөөгө, керек болсо дарылоого байланыштуу. Кандай гана оору болбосун алгачкы этапта дарыланат!

Милдетту турдо сунушталган текшерүү, андролог урологдун профилактикасы:

Болжол менен 40-45 жаштан баштап, эркектер заара чыгаруучу органдардагы өзгөрүүлөрдү эч качан байкабаса да, ден соолугуна нааразычылыктары менен уролог-андрологго кайрылбаса да жылына бир жолу урологдун профилактикалык кароосунан өтүшү керек. Эгерде алардын атасы же чоң атасы простата безинин рагы же башка урологиялык оорулар менен ооруса, анда 30-35 жаштан баштап милдеттүү түрдө мезгилдүү текшерүүдөн өтүшү керек!

Бул өзгөчө өнөкөт простатит же заара-жыныс органдарынын башка сезгенүү оорулары менен ооруган бейтаптарга тиешелүү.

Уролог-андрологтун  алгачкы кабылы кандай отот?

Эркектердин көйгөйлөрүн тактоо үчүн уролог андролог кабыл алууда сөзсүз түрдө төмөнкүлөрдү жүргүзөт:

  • Диагностика үчүн сүйлөшүү, маалымат чогултуу
  • Жалпы текшерүү
  • Оруу даттануусу боюнча жергиликтүү текшеруу
  • Простата безин ректалды изилдеш (зарыл болсо)
  • Анализдерге жолдомо жазып берүү
  • Даяр анализдердин натыйжалары менен таанышуу жана интерпретациялоо
  • Дары-дармектер, физиотерапия жана башка манипуляцияларды сунуш кылыш
  • Дайындоолор жана кайра байланыш датасын жазуу
  • Эгерде оорунун башка белгилери табылса, кошумча текшерүүгө же башка адистерге жиберуу